19:17
USD 87.45
EUR 100.75
RUB 1.09

Кыргызстандын үч университети дүйнөлүк туруктуулук рейтингине кирди

2026-жылга карата Туруктуу өнүгүү боюнча Дүйнөлүк университеттердин рейтингинин (QS Sustainability Ranking) жыйынтыгы чыгарылды.

Ага ылайык, үч кыргыз университети туруктуулук көрсөткүчтөрүнүн негизинде дүйнө жүзү боюнча алдыңкы 1500 университеттин катарына кирди.

Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин маалыматы боюнча, бул"Туруктуу өнүгүү 2026″ рейтинги университеттерди социалдык жана экологиялык маселелерди чечүүгө, жашыл инфраструктураны өнүктүрүүгө, инклюзивдүүлүктү колдоого, ошондой эле башкаруунун сапатына жана социалдык жоопкерчиликке жараша баалайт.

Тизмеге Кыргызстандан төмөнкүлөр кирген:

  • Кыргыз-Түрк Манас университети — Эл аралык программаларды, экологиялык демилгелерди жана туруктуу кампус долбоорлорун активдүү иштегендиги үчүн;
  • И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — Энергияны үнөмдөөчү чечимдерди, санариптештирүүнү жана заманбап инженердик ыкмаларды ишке ашыргандыгы үчүн;
  • Ош мамлекеттик университети — Жашыл инфраструктураны кеңейтүү, социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүү тажрыйбаларын жайылтуу боюнча иштери менен татыктуу болду.

Бул рейтингдер ЖОЖдор экология, социалдык жоопкерчилик маселелерине канчалык деңгээлде көңүл буруп, бул багытта жүргүзүп жаткан иш аракеттери натыйжалуу экенин көрсөтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар