18:09
USD 87.45
EUR 100.75
RUB 1.09

Ошто жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. Ошто жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагында жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, имарат Германия өкмөтү тарабынан KfW өнүктүрүү банкы аркылуу Министрлер кабинети жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте каржыланган «Эненин жана баланын ден соолугун коргоо» долбоорунун алкагында курулууда.

Жаңы перинаталдык борбор 2 кабаттан туруп, 249 орунга ылайыкташтырылмакчы. Блоктун түзүлүшү төмөнкүдөй болот:

1-кабат: кабыл алуу бөлүмү, операция жасоо залдары жана төрөт бөлмөлөрү;

2-кабат: аялдар үчүн интенсивдүү терапия бөлүмү, неонаталдык кароо (интенсивдүү терапиядан чыгарылган ымыркайлар үчүн) жана ымыркайлар бөлүмдөрү.

Эң көп окулган жаңылыктар