Бишкек милициясынын кызматкерлери ири көлөмдөгү интернет алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-ноябрда К.Т. аттуу жаран Свердлов РИИБинин Тергөө кызматына арыз менен кайрылган. Анда кылмышкерлер белгисиз номурлардан телефон чалып, өздөрүн УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерлери катары көрсөтүп, алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, 973 миң 900 сом акчасын ээлеп алышканы айтылат.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Натыйжада шектүү катары 2004-жылы туулган И.Д., жана 2003-жылы туулган С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалган шектүүлөр банк карталарын «Telegram» каналы аркылуу сатып алып, алдамчылык схемасына жол берип, кылмыштуу кирешелерди накталай акчага айлантууга шарт түзүп беришкени аныкталган. Учурда бул онлайн алдамчылык схемасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.


