10:55
USD 87.45
EUR 100.75
RUB 1.09

Бакытбек Сүйүнбаев Талас облусунун Манас районунун акими болуп дайындалды

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Бакытбек Сүйүнбаев

Бакытбек Сүйүнбаев Талас облусунун Манас районунун жаңы акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Дайындалганга чейин Бакытбек Сүйүнбаев Сузак районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген.

Буга чейин Эрмекбай Омошев 2025-жылдын 19-мартынан бери Манас районунун акими болуп иштеп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар