Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого катыша турчу шайлоочулардын соңку тизмесин бекитти. Ал «Тизме» порталында жарыяланды.
Мекеме шайлоочулардын тизмелери 25-ноябрга чейин 2492 шайлоо участокторунда илине турганын белгиледи. Тизмеге 4 миллион 294 миң 243 шайлоочу кирген.
Эркектер — 2 миллион 81 миң 514 же шайлоочулардын 48,47 пайызы;
Аялдар — 2 миллион 212 миң 729 же шайлоочулардын 51,52 пайызы.
Жашы боюнча:
- 18 жаштагылар — 104 миң 693 же 2,44 пайыз;
- 19-35 жаштагылар — 1 миллион 707 миң 851 же 39,77 пайыз;
- 36-45 жаштагылар — 923 миң 975 же 21,52 пайыз;
- 46-55 жаштагылар — 650 миң 851 же 15,16 пайыз;
- 56-65 жаштагылар — 528 миң 771, же 12,31 пайыз;
- 66 жаштан жогоркулар — 378 миң 102, же 8,80 пайыз.
Эскерте кетсек, кыргызстандыктар шайлоочулардын тизмесин 1255 же 119 номерине чалып, шайлоо участогунда же tizme.gov.kg веб-сайтында текшере алышат. Же болбосо, 119 номерине PIN-код менен SMS жөнөтүү менен. SMS жана чалуулар акысыз.


