Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан суу жана энергетика тармагында кызматташуу, өз ара колдоо көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Алматыда үч өлкөнүн гидроэнергетика ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу болуп, ага Казакстан Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органынын жетекчиси Эрлан Аккенженов төрагалык кылды.
Жолугушууга кыргыз тараптан энергетика министри Таалайбек Ибраев менен суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча министрдин орун басары Алмаз Жээналиев катышты.
Эми Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанга күз-кыш мезгилинде электр энергиясын беришет. Бул кыргыз тарапка кышында электр энергиясын өндүрүүнү азайтып, Токтогул суу сактагычында суу топтоо мүмкүнчүлүгүн түзөт. Топтолгон суу вегетация мезгилинде Казакстан менен Өзбекстанга берилет.
«Токтогул суу сактагычындагы оор кырдаалды эске алуу менен жолугушуунун катышуучулары электр энергиясын өз ара камсыздоодо бири-бирине колдоо көрсөтүү жана жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү жана алдыдагы вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоону макулдашты», — деп айтылат маалыматта.
Жыйын соңунда 2026-жылдын вегетациялык мезгили үчүн кышкы электр энергиясын жеткирүү көлөмдөрүн жана сууну топтоо милдеттемелерин мыйзамдык түрдө бекиткен үч тараптуу протоколго кол коюлган.


