Өлкө аймагында дем алышта 24 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Анын ичинен:
- Ош облусунда — 7;
- Чүй облусунда — 6;
- Ош шаарында — 4;
- Бишкек шаарында — 2;
- Жалал-Абад облусунда — 2;
- Ысык-Көл облусунда — 1;
- Баткен облусунда — 2.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 30 бөлүм тартылды. Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.


