12:55
USD 87.45
EUR 100.93
RUB 1.10

Манас шаарында массалык мушташтан кийин 22 өспүрүм кармалды

Манас шаарында массалык мушташтан кийин 22 жашы жете элек өспүрүм камакка алынды. Окуя 19-ноябрь түнү Спутник конушунда болгон, анда 15-20 өспүрүмдөн турган топ бири-бирине таш ыргытып, башаламандык жараткан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул окуя каттоого алынып, окуя болгон жерде тергөө-ыкчам тобу барып, тиешелүү материалдарды чогултуп, видеоматериалдар алынган.

Алардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында массалык мушташка катышкан 23 баланын өздүгү такталган. Алардын ичинен 22 жаран кармалып, Манас шаардык соту тарабынан 1 айга камакка алынган. Ал эми 1 бала ооруканада дарыланууда. Анын жоопкерчилиги ооруканадан чыккандан кийин каралат.

Иш учурда Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө экени жана мыйзам чегинде тергөө амалдары жүргүзүлөрү белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар