29-30-ноябрда Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү саат 09:00дөн 19:00гө чейин уюштурулуп турат.
«Жарманкени уюштуруунун максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.
Жарманке төмөнкү даректе өтөт:- Т. Усубалиев аянты;
- И. Раззаков жана Абдымомунов проспектилеринин кесилиши;
- Эркиндик бульвары (Биринчи май району).
Катышуучунун талаптары:
- Азык-түлүктөр жогорку сапатта болушу жана санитардык-гигиеналык стандарттарга жооп бериши керек;
- Баалар базар баасынан төмөн болушу керек;
- Райондук айыл чарба департаментинен тастыктоо каты талап кылынат.
Кошумча маалымат жана суроолор:
(0312) 66-14-22
0702 70 20 00


