Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерин, сүзүп качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-ноябрь күнү саат 07:05 чамасында Боталиев жана Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн кесилишинде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 59 жаштагы кызматкерин унаа сүзүп кеткен. Ал жолдо иштеп жаткан.
Тилекке каршы, 59 жаштагы жабырлануучу 27-ноябрда таңга маал Улуттук госпиталда каза болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


