15:38
USD 87.45
EUR 101.57
RUB 1.13

Бишкекте жаш манасчылардын кароо-сынагы жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөр кимдер?

Кыргызстан президенттинин «Улуттук дем —дүйнөлүк бийиктик» уңгужол жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Манас театрынан билдирди.

Иш-чара эки баскычта, билет алуу принциби менен уюштурулуп, өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаш манасчылардын өнөрү бааланды.

Жеңүүчүлөр:

Баш байге — Макулбеков Бактияр

1-орун — Эркинбеков Улукмырза

2-орун — Сапарбеков Нуртилек, Бердикулов Касымбек

3-орун — Кенжебеков Элмар, Мирлан уулу Уларбек

16 жашка чейинки манасчылар арасында

Баш байге — Ыдырысов Арсен

1-орун — Асангулов Баймырза

2-орун — Жолочиев Саид

3-орун — Тынчтыкбеков Ариет, Жалиев Ариет

Атайын сыйлыктар:

• Уркаш Мамбеталиев атындагы атайын сыйлык — Анарбеков Узарбек

• Сейдене Молдоке кызы атындагы атайын сыйлык — Абасбек кызы Аккыз

Эң көп окулган жаңылыктар