Бүгүн, 2-декабарда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жамаатка Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетовду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анда Байсалов министрликтин кызматкерлерине кайрылып, Досмамбетовдун башкаруучулук сапаттарын белгилеп, анын дайындалышын саламаттыкты сактоо системасын түп-тамырынан бери жаңылоого өбөлгө болорун билдирди.
Өз кезегинде Каныбек Досмамбетов бийлик өкүлдөрүнө ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган мамлекеттик саламаттыкты сактоо саясатын ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын баса белгиледи.
Эске салсак, кечээ, 1-декабрда Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Каныбек Досмамбетов министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.


