05:42
USD 87.45
EUR 101.54
RUB 1.13

Ысык-Көл облусун 2030-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүү концепциясы бекитилди

Министрлер кабинети 2030-жылга чейинки мезгилге “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, концепциянын өзү, аны ишке ашыруу планы жана максаттардын ишке ашырылышы баалана турган индикаторлордун матрицасы бекитилди.

Министрликтерге, агенттиктерге, Улуттук илимдер академиясына, Ысык-Көл облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларынын мэрияларына бардык чараларды белгиленген мөөнөттө аткарууну камсыз кылуу тапшырылды.

Концепциянын негизги максаты — Ысык-Көлдү жана аймактын биосфералык коругун антропогендик жана техногендик терс таасирлерден коргоо, ошондой эле аймакта туруктуу экономикалык өсүштү жана калктын жашоо сапатын жакшыртууну камсыз кылуу болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар
3-декабрь, шаршемби
2-декабрь, шейшемби