12:00
USD 87.45
EUR 101.54
RUB 1.13

Садыр Жапаров 3-4-декабрда Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакыруусу боюнча 3-4-декабрда Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, президент Асиф Али Зардари, Улуттук ассамблеянын (Парламенттин төмөнкү палатасы) Спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын (Парламенттин жогорку палатасы) төрагасы Юсуф Реза Гелани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык негизги тармактардагы эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстан-Пакистан мамилелерин андан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашат. Сапардын алкагында кыргыз-пакистан бизнес-форуму да өтөт», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Кыргызстандын президентинин Пакистан Ислам Республикасына акыркы расмий сапары 2005-жылы болгон. Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар