15:03
USD 87.45
EUR 101.54
RUB 1.13

Жолго таштанды ыргыткан айдоочуга айып пул салынды

Жолдун жээгине таштанды ыргыткан айдоочу аныкталып, тиешелүү протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда Kia K5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун таштандыны жол жээгине ыргытканы тартылган видео тараган. Ал айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө тиешелүү протокол түзүлүп, мыйзам талаптары эскертилди. Айдоочуга 5500 сом айып пул салынды.

Ошондой эле мындай иштердин коомдук тартипке жана жол коопсуздугуна зыяны тууралуу профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тазалыкты жана тартипти сактоо ар бир жарандын милдети экендигин баарына эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар