21:53
USD 87.45
EUR 101.83
RUB 1.13

Аламүдүндө минералдык суу чыккан 442 миллион сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Чүй облусунун Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан «Теплые Ключи» ден соолукту чыңдоо комплексине минералдык суу менен камсыз кылган жер мыйзамсыз менчикке өтүп кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 3,12 га жер тилкеси 1998-жылы мыйзамсыз «КС» ЖЧКсына өткөрүлүп берилгени, бирок каттоо процесси мыйзам талаптарына жооп бербегени аныкталган. Жер стратегиялык мааниге ээ, анткени ал белгилүү дарылык булактын булагы болуп саналат.

Башкы прокуратура
Фото Башкы прокуратура

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 442,5 млн сомду түзгөн жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Көзөмөл органы мыйзамсыз өткөрүлүп берилген жерлерди аныктоо жана кайтарып алуу боюнча аракеттер улантыла турганын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар