Министрлер кабинети көмүрдү Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну киргизген токтом кабыл алды.
Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө токтомго минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, өлкөнүн көмүрү (ЕАЭБдин ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) автомобиль транспорту менен («Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) жарым жылдык мөөнөткө экспорттолбойт.
Токтомдун негизинде Экономика жана коммерция министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Мамлекеттик бажы кызматына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


