Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 3-декабрь түнү түштүк Кыргызстан аймагында жер титирөө болду.
Институттун маалыматы боюнча, саат 2:18де 3,5 баллдык жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан аймагында, Кызыл-Жар айылынан 10 чакырым түштүк-батышта, Жыл-Көл айылынан 12 чакырым батышта, Үчкурган айылынан 15 чакырым түндүк-батышта, Шамалды-Сай шаар тибиндеги конушунан 21 чакырым түндүк-батышта жана Таш-Көмүрдөн 26 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Кызыл-Жар жана Жыл-Көл айылдарында 3,5 баллга жакын, Үчкурган, Шамалды-Сай, Кумда 3 баллга, ал эми Таш-Көмүрдө 2,5 баллга жеткен.


