17:39
USD 87.45
EUR 101.83
RUB 1.13

Акыйкатчы Ысык-Көлдөгү окуя боюнча укук коргоо органдарын текшерүүгө чакырды

Кыргыстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын жарандардын конституциялык укуктарын так сактоого чакырды.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ар бир жаран мамлекеттик органдарга кайрылууга жана белгиленген мөөнөттө суроосуна жооп алууга укуктуу. Өз кезегинде, укук коргоо органдары жарандарды алардын кайрылуусун кароонун жыйынтыгы менен кабыл алынган чечим тууралуу маалымдашы керек.

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө Темировка айылынын 20 жаштагы тургуну М.Н. Ысык-Көл РИИБдин тергөөчүсүнүн иш-аракеттерине наарызычылыгын билдирип, укуктук жардам сурап кайрылган.

Арыз ээсинин айтымында, анын 24 жаштагы жолдошу А.С. «Улуттук электр тармагынын» Ысык-Көл облусундагы филиалында электромонтер болуп иштегенине 8 ай болгон.

«Кырсык болгон 2025-жылдын 20-май күнү жолдошума дем алыш болчу. Бирок, ошол күнү башка кызматкердин ордуна чыгып берүүнү суранып, чакырышкан. Ысык-Көл РЭТнин Григорьевка аймагында иштеген кесиптештери менен кошо катуу шамалдан улам жабыркаган электр линияларын калыбына келтирүү үчүн Семеновка айылына барышкан. Оңдоо иштери аяктап калганда жолдошумду ток урган. Эс алуу борборунун күзөтчүсү адистердин уруксатысыз электр жарыгын жандырып жиберген. Жолдошум окуя болгон жерден жан берген», — дейт арыз ээси.

Июль айында соттук-медициналык экспертизанын кортундусу чыгып, анда А.С. электр тогунан катуу удар алгандыктан жүрөгү токтоп калганы жазылган. Каза болгон жарандын артында жубайы жана бир жашка чыга элек кызы калды.

«Менин кызым 20 жашында жесир болуп, ата-энеси эң кенже уулунан айрылып, неберем атасыз калды. Биз акыйкаттык издейбиз, күнөөлүүлөр жазасын алсын», — дейт арыз ээсинин апасы.

Аялдын айтымында, «Улуттук электр тармагы» ишканасы кенемте төлөп, кызына бойго жеткенге чейин бериле турган жөлөк пул чегерди. Каза болгон жарандын жакындары эс алуу борборун да жоопкерчиликке тартууну талап кылып келет.

Арыз ээсинин айтымында, Ысык-Көл РИИБдин тергөөчүсү эч кандай чара көрбөй, тергөөнүн жүрүшү туурасында кабарлаган эмес.

Маалым болгондой, тергөөчү 27-июлда эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарып, бирок маркумдун үй-бүлөсүнө бул тууралуу билдирген эмес. Акыйкатчы Институту арыздануучу М.Н.га укуктук кеңеш берди.

Андан тышкары, институт Ысык-Көл ОИИБне М.Н.нын дооматтарын толук жана ар тараптуу текшерүүнү, ошондой эле КРнын Жазык-процессуалдык кодексинин 154-беренесинин 3-пунктунун бузулушуна жол берген кызмат адамдарына карата кызматтык иликтөөнү жүргүзүүнү сунуштап кат жолдоду.

Ысык-Көл райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечимди негизсиз деп таап, аны жокко чыгарды жана материалдарды кошумча текшерүүгө жөнөттү.

Азыркы учурда тергөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар