03:13
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар экспорттоодо керек болгон 7 документ. Тизме

Мамлекеттик салык кызматы товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоодо коштоочу документтердин толук топтомунун болушу зарылдыгын эскертти. Бул талаптарды сактоо экспорттоо учурунда кечиктирүүлөрдү жана көйгөйлөрдү болтурбоого жардам бере туургандыгын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, милдеттүү документтерге төмөнкүлөр кирет:

  • экспорттоочу менен алуучунун ортосундагы келишим же контракт;
  • эсеп-фактура;
  • эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаз (CMR);
  • таңгактоо баракчалары;
  • СТ-1 формасы боюнча келип чыгуу сертификаты;
  • шайкештик сертификаттары же декларациялар;
  • фитосанитардык же ветеринардык сертификат, ошондой эле үрөн продукциясынын шайкештик сертификаты (азык-түлүк жана айыл чарба продукциясын экспорттоо учурунда).

Бул талаптарды сактоо ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды экспорттоодо кечигүү жана башка маселелерди болтурбоого жол бербейт.

Экспорттоочу менен алуучунун ортосундагы келишим — бүтүмдүн шарттарын аныктоочу негизги документ. Анда бүтүмдүн предмети, баасы жана жеткирүү шарттары, аткаруу мөөнөттөрү, эсептешүүлөрдүн формасы, ошондой эле тараптардын башка укуктары жана милдеттери көрсөтүлөт.

Эсеп-фактура — товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө же жумуштарды аткарууда таризделүүчү салык документи. Киреше, кыйыр салыктардын суммасы жана башка милдеттүү реквизиттер жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Эл аралык товардык — транспорттук коштомо кагаз (CMR) — эл аралык жүк ташууну тастыктайт жана жүк тууралуу маалыматтарды камтыйт.

Таңгактоо баракчасы — товардын ар бир партиясын коштоп жүрөт жана жүктүн саны, салмагы жана комплекттүүлүгү боюнча сандык маалымат камтылат. Таңгактоо баракчасынын аркасында партиянын ичиндеги таңгактарды ачпастан мазмунду текшерүүгө мүмкүндүк берет.

СТ-1дин келип чыгуу сертификаты — Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар үчүн, СТ-1 алардын келип чыгышын тастыктайт. Ал ЕАЭБде товардын статусун тастыктоо үчүн же ЕАЭБден тышкары экспорттоодо талап кылынат.

Аны тариздөө үчүн Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы «Кыргызэкспертиза» мекемесине кайрылып, каттоодон өткөндүгү тууралуу документтерди, өндүрүштү тастыктаган документтерди жана материалдарды берүү зарыл. Текшерүүдөн кийин экспертиза актысы түзүлөт. Андан кийин арыз, келишим, электрондук эсеп-фактура жана ишеним кат берилет. СТ-1 сертификаты ар бир өзүнчө товар партиясына берилет.

Шайкештик сертификаттары же декларациялар — ЕАЭБдин техникалык регламенттерине туура келген товарлар үчүн талап кылынат. Документтер «Кыргызстандарт» тарабынан берилет. «Кыргызстандарт» үлгүлөрдү аккредитацияланган лабораторияга жөнөтүп, оң жыйынтык алынса, сертификат же декларация берет.

Фитосанитардык сертификат — өсүмдүктөрдү жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияларды экспорттоодо зарыл. Карантиндик зыянкечтердин жана оорулардын жоктугун тастыктайт.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан берилет. Ар бир партияга таризделет.

Ветеринардык сертификат — жаныбарлардан алынган продукциянын коопсуздугун ырастайт.

Экспорттоочу ишканалардын ички реестринде катталып, «Тулпар» тутуму аркылуу арыз бериши керек. Документ «Бирдиктүү терезе» порталы аркылуу берилет. Үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо кошумча экспортко уруксат талап кылынат.

Үрөн продукциясынын шайкештик сертификаты — үрөндөрдүн сапат жана коопсуздук стандарттарына шайкеш келерин тастыктаган документ.

Бажы органдарынын функциялары

Бажы органдары ЕАЭБ Бажы кодексинин 108- жана 309-10-беренелерине ылайык салыктарды башкарууну жана бажы декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу документтерди текшерүүнү жүзөгө ашырат.

Мамлекеттик салык кызматы товарларды коштоочу документтердин топтомунун болушу ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды мыйзамдуу, ыкчам жана тоскоолдуксуз экспорттоонун кепилдиги болуп саналаарын эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар