Бүгүн, 8-декабрда Россиянын борбор калаасы Москва шаарында ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик думасынын сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын кеңешинин биргелешкен жыйыны жана 18-пленардык жыйыны катышуу үчүн мүчө өлкөлөрдүн делегациялары келишти.
Жыйында заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешкен чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жамааттык коопсуздуктун укуктук негиздерин бекемдөө максатында жаңы моделдик мыйзамдардын кабыл алынышы күтүлүүдө


