Бишкектеги «3 бөлмө» кафесиндеги өрттү өчүрүү үчүн эки өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 24-kg.com агенттигине билдирди.
Маалыматка ылайык, мурда Эркиндик бульвары, 27 дарегинде жайгашкан турак жайда өрт чыкканы тууралуу кабарланган. Свердлов райондук No3 өрт-куткаруу отрядынын бир өрт өчүрүүчү бригадасы саат 8:33тө өрттү өчүрүүгө жөнөтүлгөн.
Саат 8:47де экинчи бригада жөнөтүлгөн.
Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.


