Кыргызстандын Жогорку Соту сот отурумдарын түз эфирде ачык көрсөтүү боюнча пилоттук долбоордун башталганын жарыялады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор КР Жазык-процесстик кодексинин жаңы жоболорун ишке ашыруунун жана мамлекеттик кызматты дебюрократиялаштыруу чараларынын алкагында ишке ашырылууда. 2025-жылдын ноябрь, декабрь айларында ар түрдүү категориядагы иштер боюнча сот отурумдарын видеого тартуу башталды.
Долбоордун башкы максаты — сот адилеттигин калк үчүн мүмкүн болушунча ачык жана түшүнүктүү кылуу болуп саналат. КР Жазык-процесстик кодексинин 290-беренесин практикалык жүзөгө ашыруу, процесс катышуучуларынын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси менен сот отурумдарын реалдуу убакыт режиминде онлайн-трансляциялоого шарт түзөт. Мындай түз эфир теле-радио аркылуу жана интернетте жүргүзүлүшү мүмкүн.
Ачык сот отурумдарын трансляциялоо — сот системасынын жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы деңгээли. Бул ыкма укуктук маданиятты жогорулатууга, сот адилеттигине болгон ишенимди бекемдөөгө жана коомдо укук бузуу фактыларынын алдын алууга жардам берет.
Бардык сот отурумдарынын видеожазуулары Жогорку соттун YouTube-каналына — «Жогорку сот Верховный суд» www.youtube.com/@JOGORKU_SOT) жеткиликтүү түрдө жайгаштырылат. Бул өз кезегинде каалаган адамдарга соттордун ишинин чыныгы практикасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетүүчү жагдай, видеоматериалдар пилоттук режимде даярдалган жана агартуу максатын гана көздөйт. Үчүнчү жактар тарабынан коммерциялык максатта пайдаланууга, ошондой эле автордук укук ээсинин уруксатысыз көчүрүүгө жана таратууга жол берилбейт.


