Эртең, 10-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −1 ... −6, күндүз −4 ... −9;
Талас жергесинде түнкүсүн −4 ... −6, күндүз −4 ... −6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3 ... −5, күндүз 0 ... +2;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −4 ... −6, күндүз −4 ... −6;
Нарын аймагында түнкүсүн −11 ... −12, күндүз −4 ... −6;
Бишкек шаарында түнкүсүн −5 ... −7, күндүз −3 ... −5.


