Бүгүн саат 10:00дөн тарта Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолчулар күнү-түнү иштеп, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.
Жолдордун абалы «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө турат.


