Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартовага карата Свердлов райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти.
Эскерте кетсек, ушул жылдын сентябрь айында Свердлов райондук соту Рита Карасартованы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси «Массалык башаламандык» жана 327-беренеси «Бийликти күч менен басып алууга коомдук чакырыктар» боюнча күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айып пул жана беш жылга шарттуу түрдө көзөмөлгө алган.
Жактоочу тарап бул чечимди шаардык сотко даттанган, бирок бүгүн апелляциялык коллегия өкүмдү күчүндө калтырды. Ошондуктан, өкүм жана шарттуу түрдө көзөмөлгө алуу шарттары күчүндө калууда.


