Бүгүн, 12-декбарь Кыргызстанда Улуттук адабият күнү белгиленет. Бул күн кыргыздын эки залкары — улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана улуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү менен байланышкан.
Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен 2011-жылдан бери 12-декабрь — Улуттук адабият күнү катары белгиленип келе жатат. Бул күндү майрам катары белгилөө 1928-жылы 12-декабрда кыргыз адабиятынын белгилүү классиги Чынгыз Айтматовдун төрөлгөн жана 1950-жылдын 12-декабрында акын, котормочу Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата улуттук маданияттын кайра жаралуусундагы маанилүү орунду ээлеген кыргыз адабиятын сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында демилгеленген.
Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү:- Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы — үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү.
- Эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле.
- «Дос кыйынчылыкта билинет» дешет. Менимче, бактылуу кезиңде да билинет.
- Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң.
- Өмүрдүн чыныгы баркы ишенимде, бактысы да ишенимде.
- Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк.
- Миңдеген адамдын арасында сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың...
- Тил — улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт.
- Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз.
- Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү.
- Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралуу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың.
- Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу.


