Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан катуу шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу мүмкүн.
Чыгыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.
«Өзгөчө электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз «112» кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат",-деп айтылат маалыматта.


