21:02
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Ош шаарында залкар акын Алишер Навоинин айкели ачылды

Бүгүн,12-декабрда Ош шаарында улуу акын жана ойчул Алишер Навоинин айкели жана анын ысымын алып жүргөн проспекттин ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага президентин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков баштаган расмий делегация жана шаар тургундары катышты.

Айкел Курманжан Датка жана Алишер Навои проспекттеринин кесилишине орнотулуп, анын айланасы толугу менен көрктөндүрүлдү.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында Айтиев көчөсүнөн Алымбек Датка көчөсүнө чейинки Навои көчөсү толугу менен реконструкцияланды. Жаңыланган жолдун узундугу 2,8 чакырым, туурасы 25-26 метр жана алты тилкелүү болуп саналат.

Маданий иш-чара кыргыз-өзбек достугун чыңдоого багытталган концерттик программа менен коштолду.

Эң көп окулган жаңылыктар