11:30
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Бүгүн Бишкек шаарында жаңы жылдык башкы балаты жандырылат

Бүгүн, 15-декабрда саат 18:30да Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтындагы жаңы жылдык башкы балаты жандырылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрия шаар тургундарын башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу аземине чакырды. Бул иш-чарада концерт уюштурулуп, ага белгилүү артисттер жана ырчылар катышат.

Майрамдык балатынын бийиктиги 32 метрге жетип, ал 7 миңдей көк жана күмүш түстүү оюнчуктар менен кооздолгон.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Бишкекте жаңы жылдык башкы балаты жандырылат
Аянтта 1500 чарчы метрлик муз аянтчасы, соода жана тамак-аш дүкөнчөлөрү, этно-зона, мастер-класстар өтүүчү жай, Аяз атанын үйлөрү, фотозоналар жана оюн-зоок зонасы уюштурулат.

Мында жарандар келе жаткан жаңы жылдын атмосферасын сезип, үй-бүлөсү жана достору менен убакыт өткөрүп, майрамдык сүрөттөргө түшүп, ачык асман алдындагы концерт көрө алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар