13:19
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Кыргызстанда «Кара-кыргыз» аттуу жаңы тарыхый сериал көрсөтүлө баштайт

27-декабрдан тартып улуттук телеканалдан жана «Этномедиа» онлайн-кинотеатрынан жаңы тарыхый «Кара-Кыргыз» сериалы көрүүчүлөргө сунушталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Сериал 1917-1924-жылдардагы татаал тарыхый доорду чагылдырып, Үркүндөн кийинки кыргыз элинин тагдыры, бийлик боштугу жана улуттук мамлекеттүүлүк үчүн күрөштү баяндайт. Окуя 16 жаштагы Жусуп Абдрахмановдун тагдыры аркылуу өрчүп, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков сыяктуу тарыхый инсандардын эл үчүн жүргүзгөн күрөшүн камтыйт.

Түркстан автономиясынын кулашы, Кандуу Кокон окуялары, ички карама-каршылыктар жана советтик репрессиялар сериалдын негизги драмалык өзөгүн түзөт. Улуттук биримдик, адилеттүүлүк жана эркиндик идеялары башкы тема катары берилет.

Долбоор "«Кыргызсериал» мамлекеттик мекемесинин каржылоосу менен «АРНА» продакшн тарабынан ишке ашырылган. Биринчи сезондо 4 серия көрүүчүлөргө тартууланат.

Режиссеру — Сүйүн Откеев, башкы продюсери — Жеңишгүл Өзбекова.

«Кара-Кыргыз» — тарых, эрдик жана эл тагдыры тууралуу маанилүү көркөм сериал.

Эң көп окулган жаңылыктар