12:17
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Бүгүн БУУ биринчи жолу Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнүн белгилейт

Эл аралык коомчулук бүгүн, 15-декабрда биринчи жолу Түрк тилдеринин бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилейт. Бул чечим ноябрь айында Самаркандда өткөн ЮНЕСКОнун Башкы конференциясында кабыл алынган.

Уюм муну жалпы адамзаттык мурасыбызды байытуучу тилдик ар түрдүүлүктү таануу багытындагы маанилүү кадам деп эсептейт.

Бул күндүн 15-декабрга туура келиши да жөн жерден эмес. Анткени дал ушул күнү, 1893-жылы даниялык окумуштуу Вильгельм Томсен Орхон жазууларындагы байыркы түрк алиппесин чечмелегенин жарыялаган. Бул окуя түрк элдеринин тарыхы менен маданиятынын терең тамырын айкын көрсөткөн улуу илимий ачылыш катары бааланат.

ЮНЕСКОнун чечиминде белгиленгендей, түрк тилдеринде бүгүн дүйнө боюнча 200 миллиондон ашуун адам сүйлөйт. Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнүн белгилөө — тилдик жана маданий мурастарды сактоого, түрк элдеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана руханий баалуулуктарды келечек муундарга жеткирүүгө багытталган маанилүү кадам.

Бул сунушту Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан өлкөлөрү ЮНЕСКОнун дагы 26 мүчө-мамлекети менен биргеликте көтөрүшкөн.

Иш-чаранын алкагында түрк элдеринин фольклордук мурастарын чагылдырган антологиянын биринчи тому сунушталып, долбоор кийинки жылдары да улантылары белгиленди.

Серепчилердин баамында, ЮНЕСКОнун бул чечими түрк дүйнөсүнүн маданий жана тилдик биримдигин эл аралык деңгээлде тааныган жаңы тарыхый окуя болуп, түрк мамлекеттеринин гуманитардык кызматташтыгын жана маданияттар аралык диалогун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар