Бүгүн, 12-декабрда саат 18:30да Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу салтанаты өтөт. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине шаардын Жол кыймылын башкаруу департаментинин басма сөз кызматынын башчысы Нурсултан Муратбеков билдирди.
Анын айтымында, Чүй проспектинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 15:00дөн баштап жабылат.
«Жол кыймылы качан калыбына келерин азырынча айта албайбыз. Бул эл качан тараганына жараша болот. Жаңы жылдык балаты саат 18:30да жандырылат», — деп кошумчалады Нурсултан Муратбеков.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын башкы жаңы жылдык балатысын ачат.


