Президент Садыр Жапаров мектепке дээрлик бир метр карды жиреп, барган окуучуну президенттик балатыга чакырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров билимге умтулган, аракетчил жаштарды көргөндө өзгөчө кубанып, аларды мамлекетибиздин жаркын келечеги деп эсептей турганын белгиледи.
Социалдык тармактарда 1 метрге жакын жааган карды жиреп, кыйынчылыкка карабай мектепке барган 4-класстын окуучусунун видеосу элдин маанайын көтөргөн.
«Бул видеону Садыр Жапаров өзү да көрүп, оор шартка карабай билим алууга болгон умтулуусун көрсөткөн кичинекей баланын аракетине абдан ыраазы болду. Президентибиз мындай өжөр жана шыктуу балдар өзгөчө колдоого татыктуу экенин белгилеп, аны президенттик балатыга чакыргыла деп тапшырма берди. Мындан тышкары, билимге умтулган окуучуга мамлекет башчысынын атынан белек даярдалууда.
Нурзаман Алмазбеков Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы «Айдың-Көл» башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу. Алты бир туугандын төртүнчүсү. Атасы Алмаз 39 жашта, апасы Жумагүл 38 жашта, экөө тең үй чарбасы менен алек. Нурзаман мектептеги алдыңкы окуучулардын бири, математика жана кыргыз адабияты сабагына көп көңүл бурат. Ошондой эле сүрөт тартууга, спорттун футбол түрүнө шыктуу», — деп жазды Орунбеков.


