Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы Балыкчынын четинде ок атуучу куралдар сакталган жер табышты.
УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Балыкчы шаарынын четинде «Макаров» тапанчасы жана «револьвер» түрүндөгү 1 даанадан ок атуучу курал табылган.
Учурда курал-жаракты мыйзамсыз сатууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.


