Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 2025-жылдын аягына чейин Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) уюмунун рейтингинде биринчи орунда турат
Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) уюму аялдар арасындагы жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченко 2025-жылды фунт-фунт рейтингинин лидери катары аяктайт. Бул тууралуу аталган спорттук уюмдун сайтында жазылууда.Ноябрь айында кыргызстандык Нью-Йоркто өткөн UFC 322 турниринде кытайлык Вэйли Чжанды жеңген.
Эркектер арасындагы рейтингде орусиялык Ислам Махачев алдыңкы орунда турат.


