Таласта шаардын борбордук аянты толугу менен оңдолгондон кийин салтанаттуу ачылышы болду. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, башкы жаңы жылдык балаты да жандырылып, жаңы аят заманбап жарыктандырылды.
Облустук өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев тургундарды жана конокторду жаңыланган коомдук жайдын ачылышы менен куттуктады. Ал Талас шаарынын тургундарына бакубатчылык, гүлдөп-өнүгүү, биримдик жана ынтымак каалады.


