Бүгүн, 22-декабрдан тартып Бишкекте Чүй проспектисинин Шопоков көчөсүнөн К. Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн ачылышына байланыштуу 11 автобустун каттамы өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек шардык мэриясынан билдиришти.
22-декабрынан тартып № 222, № 216, № 129, № 169, № 104, № 227, № 254, 135, № 11, № 152, № 25 автобустардын кыймыл чиймелерине жарым-жартылай өзгөртүүлөр киргизилди, ал эми кээ бир каттамдар мурунку багыттарына кайтарылды.
Мэрия жүргүнчүлөрдү жаңы кыймыл чиймелерин эске алууну суранат.


