17:35
USD 87.45
EUR 102.63
RUB 1.09

Бишкектеги Токтогул жана Киев көчөлөрү кайрадан бир тараптуу болот

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Бишкектеги Токтогул жана Киев көчөлөрү кайрадан бир тараптуу болот

Бишкектеги Чүй проспектинин ачылышына байланыштуу, жакынкы күндөрү Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу кыймыл калыбына келтирилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы бардык зарыл жол белгилерин орнотот.

Муниципалитеттин Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти борбор калаанын тургундарын жана конокторун киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга, жолдордо этият болууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар