19:12
USD 87.41
EUR 103.01
RUB 1.12

«Тулпар» картасынын ээлери Ташкенттеги коомдук транспортто төлөм жүргүзө алышат

Бишкектеги коомдук транспорт үчүн накталай эмес төлөм системасы болгон «Тулпар» долбоорун Өзбекстандын Ташкент шаарындагы өнөктөштөр менен интеграциялоо акыркы этабына келди. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда «Тулпар» долбоорунун операциялык директору Бекжан Акматбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, интеграциялоо 2026-жылы аякташы пландалууда.

«Анда Тулпар картасын колдонуучулар Ташкентте коомдук транспортто жүргөндө, Ташкенттин тургундары Бишкекте жүргөндө төлөй алышат», — деди Бекжан Акматбеков.

Ал Тулпар долбоору Кыргызстандагы камтуу аймагын кеңейтүүнү пландап жатканын кошумчалады.

«Биз бир нече шаарлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Балким, эгерде биз компромисске келсек, кийинки жылы Балыкчы, Нарын жана Кара-Балта шаарларында ишке ашырууну баштайбыз», — деп белгиледи Бекжан Акматбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар