13:31
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Yasar Dogu −2026: Дагы бир кыргызстандык Залкарбек Табалдиев алтын медаль утту

Дагы бир кыргызстандык Залкарбек Табалдиев Yasar Dogu атындагы эл аралык эркин күрөш турниринде алтын медалга ээ болду. Мелдеш Түркиянын Анталия шаарында аяктады.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Yasar Dogu −2026: Дагы бир кыргызстандык Залкарбек Табалдиев алтын медаль утту

Биздин спортчу 70 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, 1/8 финалдан баштаган.

Ал түрк спортчуларына каршы катары менен үч беттеште жеңишке жетип, финалга чыккан. Андан кийин Париж Олимпиадасында Албаниянын атынан коло байге ээси Ислам Дудаев менен беттешкен.

Залкарбек Табалдиев 7-4 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалды тагынган. Ал Кыргыз Республикасынын учурдагы чемпиону.

Ушул эле салмакта күч сынашкан республикабыздын дагы бир өкүлү Рустам Кахаров коло медалды жеңип алган.

Буга чейин кыргызстандык Билол Шарип уулу Ясар Догу атындагы эл аралык эркин күрөш турниринде 65 килограмм салмактагылар арасында алтын медалды жеңип алган.

Эң көп окулган жаңылыктар