Бишкектеги темир жол линияларын башка жакка жылдыруу же алып салуу планы жок. Бул тууралуу борбор калаанын башкы өнүктүрүү планынын долбоорунун жоболору боюнча комментарий берип жатып, Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Муниципалитет башкы планда темир жол көчөдөн тышкаркы жүргүнчү ташуу транспортуна — шаар четиндеги поездге альтернатива катары караларын түшүндүрдү. Ошондуктан, темир жол инфраструктурасын башка жакка көчүрүү жана рельстерди жок кылуу максатка ылайыктуу эмес деп эсептелген.
Шаар райондорунун ортосундагы байланышты жакшыртуу үчүн документте темир жол линияларын кесип өткөн бардык негизги көчөлөргө эстакадаларды куруу каралган. Иштеп чыгуучулардын айтымында, бул жол кыймылынын үзгүлтүккө учурашын азайтып, жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.


