18:17
USD 87.45
EUR 102.04
RUB 1.11

Кыргызстанда Түркияга ишке орноштурган төрт компаниянын иши токтотулду

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түркияга жумушка орноштуруу ишмердүүлүгүндөгү мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган борбор мониторинг жүргүзүп, Түркияга жумушчу жөнөтүүчү айрым компанияларда төмөндөгүдөй мыйзам бузууларды аныктаган:

  • Уруксат алууда мамлекеттик органга жалган маалыматтарды берүү;
  • Түркиядагы иш берүүчү же ортомчу уюмдар менен болгон чыныгы кызматташтыгы тууралуу маалыматтарды жашыруу;
  • Министрлер кабинети бекиткен жобонун талаптарын сактабоо.

Натыйжада төмөнкү компаниялардын иши убактылуу токтотулду:

  • «Голден ворк & тревел» ЖЧК;
  • «Айрис Тревел» ЖЧК;
  • «Рамай-Саякат» ЖЧК;
  • «Аска-Трэвел» ЖЧК.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору уруксат алуу үчүн кайрылганда жалган маалымат берүү, ошондой эле чет элдик эмгек миграциясына байланыштуу мыйзамдуу талаптарды аткарбоо үчүн уруксатты токтото туруу жана жокко чыгаруу сыяктуу жаза чаралары көрүлөрүн эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар