20:29
USD 87.45
EUR 102.04
RUB 1.11

Бишкектин Жылуулук электр борбору штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) шаар тургундарын үзгүлтүксүз жылуулук энергиясы менен камсыз кылып, штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, станциянын орточо электр кубаттуулугу — 460 МВт, жылуулук берүү — 8,694 миң Гкал, электр энергиясын өндүрүү — 11,034 миң кВт/саат. Күнүмдүк отун сарптоо көлөмү: көмүр — 7,470 миң тонна, газ — 390 миң нм³.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

ЖЭБде жалпысынан 15 казан агрегаты, 7 турбина агрегаты (көлөм аралык байланыш менен) жана 2 энергия блогу (№ 3 жана № 4) орнотулган. Азыркы тапта иштеп жаткан жабдуулар: 10 казан агрегаты, 5 турбина агрегаты, № 3 жана № 4 блоктор. Ремонтто: 1 казан, 1 турбина. Резервде: 4 казан, 1 турбина.

2025—2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде калкты электр жана жылуулук менен камсыздоо үчүн жалпы 1 400 000 тонна көмүр жеткирүү пландалган. Көмүр жеткирүү графиги жылытуу сезону бүткөнгө чейин эсептелген.

Белгилей кетсек, учурда ЖЭБдин кампасында 189,416 миң тонна көмүр запасы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар