Чүй облусунун аймагында кыз ала качууга шектелип, эки жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-январда милицияга Кожомкул айылынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 13-январда саат 00:30 чамасында өзүнө чала тааныш Н., аттуу жаран жана анын таанышы күч колдонуу менен никеге туруу максатында, Step Wagon үлгүсүндөгү автоунаага күчтөп отургузуп, уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 24 жаштагы Б.Н., 23 жаштагы Ш.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.


