Бүгүн, 15-январда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жаңы директору Чолпон Шамсутдин кызматкерлерге расмий түрдө тааныштырылды. Бул тууралуу департаменттин басма сөз кызматы билдирди.
Ал мурда департаменттин директорунун орун басары кызматын ээлеген жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатында көп жылдык тажрыйбасы бар.
Эскерте кетсек, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев 2025-жылдын ноябрь айында кызматтан кеткен.


