14:32
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

Ашууларындагы абал айтылды: Жол ачык, каттам бар

Бүгүн, 16-январь саат 09:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда «Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан жолду тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Министрлик жарандарды жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, буга чейин 17-19-январь күндөрү өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп, бийик тоолуу аймактардагы жолдордо кар көчкү жана кар күрткүсү түшөрү кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар