20-январда саат 09:00дөн 02:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым турак жайларында, социалдык мекемелеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу 3-кичи районунда, 4-кичи районунда, 5-кичи районунда, 7-кичи районунда, 8-кичи районунда, 9-кичи районунда жана 10-кичи районунда өчүрүлөт.
Ошондой эле төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта Ч.Айтматов проспектиси — Абдрахманов көчөсү — Бакаев көчөсү — Масалиев проспектиси — Токтоналиев көчөсү — Ата-Түрк паркы — Ахунбаев көчөсү — Аламүдүн дарыясы — Түштүк чоң Чүй каналы — Б.Баатыр көчөсү — Ала-Арча дарыясы — Семетей көчөлөрүндө да өчүрүлөт.
Муниципалитет жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, ошондой эле шаар тургундарын алдын-ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.


