12:00
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Ирандагы нааразычылык акцияларында кеминде 5 миң адам каза болду

Ирандагы нааразычылык акциялары учурунда кеминде 5000 адам каза болду, анын ичинде коопсуздук күчтөрүнүн 500гө жакын кызматкери бар. Бул тууралуу Рейтер агенттиги ирандык расмий өкүлгө шилтеме берип билдирди.

Маалыматка ылайык, эң катуу кагылышуулар жана эң көп өлүм өлкөнүн түндүк-батышындагы күрт аймактарында катталган. Бул аймактарда күрт сепаратисттери активдүү.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Эске салсак, Иранда 2025-жылдын аягында өкмөткө каршы ири масштабдуу нааразычылык акциялары башталган. Алар Тегеранда экономикалык кырдаалга жана улуттук валютанын АКШ долларына карата баасынын төмөндөшүнө нааразы болгон ишкерлер арасында башталган.

Өлкө бийлиги митингдер тышкы кийлигишүүнүн натыйжасында тутанды деген жүйө келтирген

Эң көп окулган жаңылыктар