23:55
USD 87.45
EUR 101.67
RUB 1.12

Эрулан Кокулов: «Тасмалардагы тамеки, алкогол ичимдикти жарнамалоону токтоткула»

Жогорку Кеңештин депутаты Маданият министрлигин тасмалардагы тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди жарнамалаганы үчүн сотко берем деп коркутту. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, ал жакында эле ата мекендик үч тасмада тамекинин жарнамасын көргөн.

«Тасмада «Винстон» тамекиси кош капсула деген ачык жарнама бар. Мен үч жыл мурун да айткам. Ошондон бери эч нерсе жасалган жок. Кыргызстандын ден соолугуна кам көргөн жалгыз менминби? Эмне кыларымды билбейм. Бизге жомок айтып жатасың. Сотко беришибиз керекпи? Эгер көйгөй чечилбесе, анда ошол жол менен кетели. Бул улуттук ден соолук маселеси, мыйзам кинолордо тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салат. Маданият министрлигинин муну актоого моралдык укугу да жок. Мен министрликтеги бирөө мындан акча таап жатканына толук ишенем. Биз тамеки компанияларынын акчасына кино тартпашыбыз керек. Биз мындай тасмаларсыз жашай алабыз», — деп кошумчалады Эрулан Кокулов.

Маданият министрлигинин Кинематография департаменти кино тартууга лицензияларды «Кыргызтасма» агенттиги берерин жооп кылды.

Бөлүмдүн башчысы Талант Төлөбеков белгилегендей, учурда атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында «Кыргызтасманы» жоюу боюнча иштер жүрүп жатат.

Маданият министринин орун басары Марат Тагаевдин айтымында, киноиндустриядагы реформа иштери уланууда.

«Биз сиздердин сунуштарыңызды эске алабыз. Андан тышкары, биз чет элдик тасмалар үчүн кыргызча субтитрлерди берүү боюнча да иштеп жатабыз. Жакында парламентке мыйзамдык түзөтүүлөрдү киргизебиз. Каршылык болот, ошондуктан биз депутаттардын колдоосун суранабыз», — деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар